Редакцияот 06.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 14- кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 6-июль № 9

Короновирус (COVID-19) илдетин жайылтпоо жана алдын алуу боюнча бир нече чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө

Короновирус (COVID-19) илдетин жайылтпоо жана алдын алуу боюнча айыл өкмөт аймагында бир нече чектөөлөрдү киргизүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөт аймагында короновирус илдетин жайылтпоо жана алдын алуу максатында той, аш жана мааракелерди,кудайыларды өткөрүү убактылуу тыюу салынсын.
  2. Айыл аймактагы соода дүкөндөрү жана коомдук тамактануучу жайлардын иштөө мөөнөтү күн сайын 08:00 дөн 20:00 гө чейин иштөөсү белгиленсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев