Редакцияот 07.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 15- кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 7-август № 12

Беш-Арча ЖЧК нын лицензиялык макулдашуусун чакыртып алуу жөнүндө

 

Беш-Арча ЖЧК нын лицензиялык макулдашуусун чакыртып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине сунуш берүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Беш-Арча ЖЧКсы лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн талаптарды так аткарбагандыгына байланыштуу лицензиялык келишимдин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен, аталган иш кананын лицензиясын чакыртып алуу сунушталсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Тагаев