Редакцияот 04.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 40 – кезексиз сессиясы

2020-жылдын 4-ноябры № 40/279

403 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Новопавловка айыл өкмөтүнүн мамлекеттик жер фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 17.09.2018-жылдагы №170-б буйругу менен жогорудагы жер аянтын тактоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия тарабынан чыгарылган корутундуга ылайык, 403 га жер аянты Новопавловка айыл аймагынын мамлекеттик жер фондусуна өткөрүлүп берилүүсү сунушталган. Күн тартибиндеги маселе боюнча иш кагаздары менен таанышып жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Новопавловка айыл аймагынын №4, 5, 113, 168, 498, 519, 520 контурларындагы менчик укугунан ажыратылып, ээси жок калган жалпысы 403 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 62-беренесинин 4-пунктуна жана 64-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Новопавловка айыл өкмөтүнүн мамлекеттик жер фондусуна өткөрүлүп берилүүсү сунушталсын.

Токтомдун аткарылышы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К. Аттакуровага тапшырылсын.

 

Төрага

К.Абдыраимов