Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 48 –сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 48/328

Новопавловка айылдык кеңешинин 2008-жылдын 5-июнундагы №5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик долбоорлоо институтунун 1994-жылы өткөргөн инвентаризациясына ылайык, Новопавловка айыл аймагынын №509-контурундагы Б. Ш. Амановго тиешелүү 4,1 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелет.

Сокулук райондук салык кызмат башкармалыгынын 2020-жылдын 10-сентябрындагы №012/10/08-06/7271 катына ылайык,  Б. Амановго тиешелүү жер үлүшү бардыгы 4,3 га, анын ичинен: 3,1 га сугат жер катары, 1,0 га кайракы жер, 0,2 га чабынды чөп бар. 2006-жылдан баштап жер салыгы бардыгы 4,3 га, анын ичинен: 4,1 га сугат жер катары, 0,2 га чабынды чөп катары кайра эсептелген.

Тапшырылган материалдар боюнча айылдык кеңештин жер комиссиясынын мүчөсү Н. Алыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Новопавловка айылдык кеңешинин 2008-жылдын 5-июнундагы №5 токтомуна “Новопавловка айыл аймагынын №509-контурундагы Аманов Болотбек Шейшенкадыровичке тиешелүү 4,1 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелсин”-деген өзгөртүү киргизилсин.

Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы Ж. Батыровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Эркинбек уулу