НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 48 – сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 48/329
Новопавловка айылдык кеңешинин 2009-жылдын 26-майындагы №9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сокулук райондук салык кызмат башкармалыгынын 2021-жылдын 14-январындагы №012/10/08-06/306 катына ылайык, Э. Алиевага тиешелүү жер үлүшүнө 2006-жылдан баштап жер салыгы бардыгы 1,29 га, анын ичинен: 1,23 га сугат жер катары, 0,06 га чабынды чөп катары кайра эсептелген.
Тапшырылган материалдар боюнча айылдык кеңештин жер комиссиясынын мүчөсү Н. Алыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Новопавловка айылдык кеңешинин 2009-жылдын 26-майындагы №9 токтомуна “Новопавловка айыл аймагынын №216-контурундагы Алиева Эльмира Камаловнага тиешелүү 1,23 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелсин”-деген өзгөртүү киргизилсин.
Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы Ж. Батыровго жүктөлсүн.
Төрага | Д.Эркинбек уулу |