Редакцияот 28.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

2021-жылдын 28-июлу № 31

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгынын урматына,  “SMI group”жоопкерчилиги чектелген Коомунун башкы директору Оморов Канатбек Абдильмаматовичке   Баткен шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү №101 Мыйзамнын 37-беренесинин12-пунуктуна жана “Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө “Шаардын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосунун 2,1; 2,2; 2,3-пункуттарына жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы мамлекеттик жана ведомстволук  сыйлыктар боюнча  комиссиясынын отрумунун №21 протоколунун, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда курман болгон 36 атуулдун артында калган жакындарына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында өз каражаттарынан заманбап 10 үйдү куруп берүү менен шаардын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө зор салымын кошкондугун эске алып Баткен шаар мэриясынын 2021-жылдын 27-июлдагы №01-21/828 сунуш катынын,  Баткен шаардык Кеңешинин наамдарга көрсөтүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:

     1.Кыргыз Респуюликасынын Эгемендүүлүгүнүн урматына, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда курман болгон 36 атуулдун артында калган жакындарына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында өз каражаттарынан заманбап 10 үйдү куруп берүү менен шаардын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө зор салымын кошкондугун үчүн “SMI group” ЖЧКсынын башкы директору Оморов Канатбек Абдильмамтовичке,  Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

     2.Токтом, шаар калкына  “Өрүкзар” коомдук-саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.

     3.Токтом мамлекеттик  каттоого киргизүү үчүн Баткен облсутук юстиция башкармасына жиберилсин.

     4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мурзалиевага тапшырылсын.

 

Тѳрага

А.Аширов