Редакцияот 22.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 22-ноябры №23/5

Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн   2019 -жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен  аткарган иштери туралуу

 

 Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Дюшееванын  2019-жылдын 9-айында түшкөн төлөмдөрү жөнүндө  маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын толуктоолорун эске алуу менен  Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык,  Чүй айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Дюшееванын 2019-жылдын 9-айынын ичинде түшкөн  салыктардын төлөмү жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2.Салыктардын түрлөрү:

-Айыл чарба жерлеринин салыгы - 1150,7 сом

- Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы - 371,3 миң сом

- Короо жайга караштуу жер тилкелеринин салыгы - -147,9 миң сом

- Автоунаалардан түшкөн салык - 2443,1 миң сом

- Айыл ичинен  алынган жерлердин ижара акысы - 506,1 миң сом.

3.Ушул Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу иши  Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы  А. Иманалиевага  жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Амангельдиев