Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/11
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-айынын ичинде Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн иш-кагаз алып баруучусунун 2019-жылдын 9-айынын ичинде Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан берилген тапшырмаларын, жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо жана Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп чыгып, Чүй айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн иш-кагаз алып баруучусунун 2019-жылдын 9-айынын ичинде Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан берилген тапшырмаларын, жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо жана Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын аткарылыш боюнча маалыматы бекитилсин. (маалымат тиркелет).
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин этика комитетинин төрагасы С.Ж.Сулаймановго жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |
Чүй айыл өкмөтүнүн иш алып баруучусунун 2019-жылдын 9-айынын ичинде
Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан берилген тапшырмаларын, жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо жана Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча
МААЛЫМАТЫ
Чүй айыл өкмөтүнө 2019-жылдын 1-октябрына карата жогорку турган мамлекеттик органдардан, райондук түзүмдүк бөлүмдөрдөн жана башка мамлекеттик, жеке уюмдардан, жарандардын кайрылуусунан бардыгы 970 расмий иш кагаздар келип түшкөн. Анын ичинен: ченемдик укуктук актылар 107 түздү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы – 1;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы – 1;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору – 5,буйруктары – 3;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу – 1;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдери – 9, буюрмалары – 9;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин – 3 буйругу.
- Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан түшкөн ченемдик укуктук актылар: 63 – тескемесинен: 42 – аткарылды, 18 – маалымат катары кабыл алынды, 3 – аткарылууда; 2 – буйрук, 1 – аткарылды, 1 – маалымат үчүн; 11 – чечиминен: 8 – аткарылды, 2 – маалымат үчүн кабыл алынды, 1 – аткарылууда.2019-жылдын 9-айынын ичинде баардыгы – 107 ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынын чечимдери, протоколдук тапшырмалар жана каттар – 301.
Түзүмдүк бөлүмдөрдөн жана башка мамлекеттик, жеке уюмдардан келип түшкөн каттардын жалпы саны – 301, анын ичинен: аткарылгандар – 167, кызматтык каттын негизинде көзөмөлдөн алынгандар – 20, маалымат үчүн кабыл алынгандар – 109, аткарылууда – 5 (тиркеме № 1).
Отчеттук мезгилдин ичинде Чүй айыл өкмөтүндө – 273 тескеме кабыл алынды.
Чүй айыл өкмөтүнө 2019-жылдын 9-айынын ичинде келип түшкөн – 261 кайрылуу боюнча жооптуу кызматкерлер, жерине барып арыз ээлеринин катышуусу менен маселелерди чечип жана түшүндүрүү иштери жүргүздү. Жарандардын эң маанилүү маселелери болуп жер жана жерлерди пайдалануу боюнча – 117, материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 15, коммуналдык турмуш-тиричилик жактан тейлөө маселеси – 14, бактарды кыйууга уруксат алуу боюнча – 20, токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча – 12, кошуналар менен араздашуу – 16 жана башка ар кандай – 67 маселелери боюнча кайрылышкан. Бардык келген жарандарга түшүндүрмөлөр өз убагында берилет жана атайын журналда катталат. 2019 – жылдын 9-айынын ичинде жарандардын ооз эки кабыл алуусу – 120 катталды. Чүй айыл өкмөтүнүн жарандары ооз эки кабыл алуу аркылуу айыл өкмөтүнүн башчысы жана орун басарына, жер адиси, социалдык камсыздоо бөлүмүнүн адистери жана башка Чүй айыл өкмөтүнүн адистеринен канаттандыраарлык жоопторду алышты (тиркеме № 2).
2019 – жылдын 9-айыныничинде электрондук кайрылуулар интернет порталы аркылуу келип түшкөн жок.
Көзөмөлгө алынган арыздардын саны – 261, мөөнөтүндө аткарылып жооп берилгендери – 244, мөөнөтүн бузуу менен – 1, мөөнөтүн узартуу менен – 2, түшүндүрмө берилгендери – 163, оң жооп берилгендер – 77, четке кагылгандары – 7, аткарылууда – 14 (тиркеме № 3).
Каралып чыккандар:
7 күн ичинде – 88;
14 күн ичинде – 156;
мөөнөтүн бузуу менен – 1;
мөөнөтүн узартуу менен – 2;
аткарылууда – 14;
баардыгы: 261 арыз.
Иш кагаздар алып баруучусу Осмон кызы А.