Редакцияот 10.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 10-декабры №24/1

Чүй айыл өкмөтүнүн  Садовое жана Арал айылындагы орто мектептерге видео көзөмөл  орнотуу иштерине   "Чүй  райондук өнүктүрүү" фондунан акча каражат алууга уруксат берүү жөнүндө

 

Чүй  айыл өкмөтүнүн  Садовое айыл башчысы М.Тиленовдун, жана Арал  айылынын башчысы М.Бердыбаевдын Садовое жана Арал айылындагы орто мектептерге видео көзөмөл  орнотуу иштерине   "Чүй  райондук өнүктүрүү" фондунан акча каражат алууга уруксат берүү жөнүндөгү  маалыматын угуп, Садовое, Арал айылынын  тургундарынын  кайрылууларын эске алуу менен   сунушталган  долбоордогу иш-аракеттерди талкуулап  жана депутаттардын   сунуштарын, толуктоолорун кабыл алуу менен Чүй айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй айыл өкмөтүнүн  Садовое жана Арал  айылындагы  орто мектептерге  видео көзөмөл   орнотуу иштерине "Чүй  райондук   өнүктүрүү"  фондунан   акча каражат  алууга уруксат берилсин.

2.Акча каражатка  долбоор түзүү  жана тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы атайын демилгелүү топко  милдеттендирилсин. 

3.Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагын  Чүй  айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевге жана Чүй  айылдык Кеңешинин жер маселелер комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Амангельдиев