Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIII –сессиясы
2019-жылдын 3-апрели № 1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары боюнча жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акылары: 1га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500 сом, 1га чөп чабынды жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 1000 сом, 1 га сугат жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 2500 сом болуп бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн балансындагы тракторлору менен 1 га жер үчүн 2500 сом ( соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде), айыл ичиндеги огороддорду айдоого 1 сотугуна 60 сомдон бекитилсин. (соляркасы ичинде). Менчик тракторлор менен келишим баада жүргүзүлсүн.
3. Чөп чабынды жерге 1 га жерди чаап бериши-1500 сом, гравилдөөсү- 700 сом, барабандык гравил менен гравилдөө 1000 сом дон бекитилсин.
4. Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрү, чөп чабынды, көп жылдык чөптү кайтарууга накталай акча түтүнгө 400 сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акылары Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин.Аукциондун баштапкы баасы 1000 сом болуп бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү П.Анарбековго милдеттендирилсин.
8. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
9. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу: |
К. Тѳрѳкулов |