АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIII –сессиясы
2019-жылдын 3-апрели № 2
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар ( калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар ( калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) боюнча жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленсин:
а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 15-апрелге чейин аткарылсын. (жаратылыш шарты эске алынсын).
б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 1-апрелден 15-апрелге чейинки аралыкта көчүрүлсүн. (жаратылыш шарты эске алынсын).
2. Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 20-майдан 10-июнга чейин көчүү белгиленсин. (жаратылыш шарты эске алынсына) Бардык малдын түрү ветеринардык эмдөөдөн өтсүн.
б) Тиешелүү ветеринардык документтер менен камсыз болсун.
в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрга белгиленсин.
( Эрте көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” жөнүндөгү кодекстин негизинде айып төлөнсүн.
- Ак-Суу айылынын калк жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (кайтарылсын, аркандалсын).- Айылда мал алып калгандарга ар бир баш ашыкча мал үчүн “Бузуулар” кодексине негиз айыптар салынсын. - Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы “Бузуулар” кодексине негизинде чара көрүлсүн.
- Ар бир айылда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
- Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга киргизилсин.
- Бада алган атуулдун малы, кой, эчкичи 300 баштан ашса, ую 10 баштан ашса, жылкы 1 үйүр болсо, алыскы чоң жайлоого көчүрүлсүн.
- Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын.
- Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
- Ак-Сай, Ымам-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар көчүп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга, жандыкка “бузуулар” кодексинин негизинде айып пул салынсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин. (түзүлгөн актынын негизинде). Айып акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- 1- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга 50 сом, жандык 5 сом.
- 2- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга 200 сом, жандык 50 сом, эшек 300 сом. Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.
40 пайызы айдап келген карагулга, 40 пайызы кайтарган карагулга, 20 пайызы ар түрдүү чыгымдарга.
- Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана департаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
- Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга ветеринардык кодекстин негизинде айып салынсын.
- Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо ( жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды желгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖПБне милдеттендирилсин.
- Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде 70 сомдон 100 сомго чейин жүргүзүлсүн.
- Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго, вет адиси А.Сартаевге, айыл башчылар: Д.Шакиевге, С.Кыдыралиевге, О.Эшкараевге, С.Үрүсбаевге, ЖПБ төрагасы М.Чокоевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү П.Анарбековго жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу: К. Төрөкулов |