Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIII –сессиясы
2019-жылдын 3-апрели № 3/1
“ Ак-Суу айылынын тургуну Момуналиев Эргешбектин арызын кароо жөнүндө”
Ак-Суу айылынын тургуну Момуналиев Эргешбектин жардам сурап кайрылган арызынын негизинде Ак-Суу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын тургуну Момуналиев Эргешбекке 10000 (он миң) сом акча каражаты берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу: |
К. Тѳрѳкулов |