Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIII –сессиясы
2019-жылдын 3-апрели № 3/2
КРнын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик Агеттиги тарабынан берилген 30.07.2013-жылдагы №3310 АЭ лицензиясынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Кыя участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 10,40га (Кысыр аңыз) жер аянтына макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХIII сессиясынын күн тартибиндеги 3/2 маселеси болгон “Бийкомпакт” ЖЧКсынан жетекчиси С.В.Буянов 02.04.2019-жылдагы №8 кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бийкомпакт” ЖЧКсынын жетекчиси С.В.Буяновдун 02.04.2019-жылдагы №8 кайрылуусуна жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик Агеттиги тарабынан берилген 30.07.2013-жылдагы №3310 АЭ лицензиясынын ичиндеги Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Көк-Кыя участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 10.40га (кысыр аңыз) жер аянтына макулдук берилсин.
2. “Бийкомпакт” ЖЧКсынын жетекчиси С.В.Буяновго мыйзам ченемдүү иш алып баруу жагы эскертилсин.
3. Бул токтомдун негизинде мыйзам ченемдүү документтештирүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси А.Алымкуловго жүктөлсүн.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу: |
К. Тѳрѳкулов |