АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 1/1
“Ак-Суу айылдык кенешинин 14-сессиясында Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын, төрагасын шайлоо жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин 14-сессиясында айылдык кеңештин орун басары Калдарбек Төрөкуловдун эсептөө комиссиясын жана төрагасын шайлоо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп 3 (үч) добуш менен Дозоева Хайтбү шайлансын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы айылдык кеңештин сессиясынан суралсын.
Төраганын орун басары: |
К. Тѳрѳкулов |