Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 2
“Ак-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малды жайлоолорго көчүрүү жана күзгү жайыттарды сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө”
Ак-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малды жайлоолорго көчүрүү жана күзгү жайыттарды сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө ЖПБнин төрагасы М.Чокоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖПБнин малды жайлоолорго көчүрүү жана күзгү жайытты сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматын айылдык кеңештин келээрки сессиясына даярдап келүү жагы ЖПБнин төрагасы М.Чокоевге жүктөлсүн.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |