АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 3/1
“Ак-Суу айыл өкмөтүнө социалдык жактан жардам сурап келген атуулдардын арызын кароо жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кенешинин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургундары Бекназарова Алимага 10000 (он миң) сом, Айдаралиев Темирбекке 7000 (жети миң) сом, Багышбекова Гүлзадка 7000 (жети миң) сом, Молдобеков Жеңишке 7000 миң сом акча каражаты берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э. Алымкуловго жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |