Редакцияот 10.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы

2019-жылдын 10-июну № 3/3

“Бишкек шаарынын Исанов көчөсүнүн 105а/22 батиринин тургуну Кыдыралиев Марат Токторалиевичтин арызын кароо жөнүндө”

Бишкек шаарынын Исанов көчөсүнүн 105а/22 батиринин тургуну Кыдыралиев Марат Токторалиевичтин арызындагы Ак-Суу айыл аймагынын  Кароо-Сай участкасына кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек шаарынын Исанов көчөсүнүн 105а/22 батиринин тургуну Кыдыралиев Марат Токторалиевичтин арызына негиз Ак-Суу айыл аймагынын Кароо-Сай участкасына  кайра иштетүүчү ишкана курууга макулдук берилсин.

2.     Кароо-Сай участкасына  кайра иштетүүчү ишкана курууга 2,8га жер тилкесин мыйзам ченемдүү бөлүп берүү, трансформациялоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси  А.Алымкуловго милдеттендирилсин.   

3.    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго жана агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

С.Барпиев