АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 3/4
“Ак-Сай айылынын тургуну Суеркулов Замирбектин арызын кароо жөнүндө”
Ак-Сай айылынын тургуну Суеркулов Замирбектин турак жай салуу үчүн Ак-Сай айылынан жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылынын тургуну Суеркулов Замирбекке Ак-Сай айылынан турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилсин.
2. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин караштырып таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |