АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 3/5
“Ак-Сай айылынын жаштарынын арызын кароо жөнүндө”
Ак-Сай айылынын жаштарына Ак-Сай айылына спорт зал куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылынын жаштарына спорт зал куруу үчүн жер тилкесин караштырып таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |