АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 3/6
“Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө”
Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын Ак-Дөбө көчөсүнүн башындагы Төрөбеков Нарынбектин үйүнүн өйдө жагынан эс алуучу жай курууга жер тилкесин берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон-Дөбө айылынын тургундарына Ак-Дөбө көчөсүнүн башындагы Төрөбеков Нарынбектин үйүнүн өйдө жагынан эс алуучу жай курууга жер тилкеси, булактын башы болгондуктан макулдук берилбесин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев