Редакцияот 10.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы

2019-жылдын 10-июну № 3/7

“Коргон-Дөбө айылынын тургуну  Н. Жуманазарованын  арызын кароо жөнүндө”

            Коргон-Дөбө айылынын тургуну Н.Жуманазарованын  үлүш жеринин башына салынган турак жайын оорукчан баласына мыйзамдуу бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Коргон-Дөбө айылынын тургуну Н.Жуманазарованын  үлүш жеринин башына салынган турак жайын мыйзам чегинде карап, мыйзам ченемдүү чечип берүү  жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.

2.    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

С.Барпиев