АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 3/9
“Ак-Суу айылынын тургуну К.Төрөкуловдун арызын кароо жөнүндө”
Ак-Суу айылынын тургуну К.Төрөкуловдун Көк-Кыя участкасынан көрктөндүрүп өздөштүрүүгө жер берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын тургуну К.Төрөкуловдун арызы канааттандырылсын жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |