Редакцияот 10.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы

2019-жылдын 10-июну № 3/11

ОсОО “Юркон-Майнинг” ишканасынын жетекчиси Миңбаев Болоттун  арызын кароо жөнүндө”

            ОсОО “Юркон-Майнинг” ишканасынын жетекчиси  Миңбаев Болоттун  ОсОО “Алтын Ресурс” ишканасынын лицензиясынын аймагына келишим менен база курууга уруксат  берүү  жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    ОсОО “Юркон-Майнинг” ишканасынын жетекчиси Миңбаев Болоттун ОсОО “Алтын Ресурс” ишканасынын лицензиясынын аймагына келишим менен база курууга макулдук берилсин.

2.    Мыйзам ченемдүү документ иштерин  жүргүзүү жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.

3.    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

С.Барпиев