Редакцияот 13.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XV –сессиясы

2019-жылдын 13-августу № 1

Ак-Суу жайыт комитетинин 2019-жылдын “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу” планынын аткарылышы боюнча маалыматын угуу жөнүндө”

Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы сессияга чакырылгандыгына  карабай себепсиз келбегендиктен, бухгалтери Э.Жоробековдун “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу” боюнча мааалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Суу жайыт комитетинин “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу” планындагы  аткарылган иштердин маалыматына негиз, жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин аткарган иштери “канааттандырарлык эмес” деп табылсын.

2.    Ак-Суу ЖПБнин төрагасы М.Чокоевди жумуштан бошотуу жана ордуна Э.Жоробековду бекитип берүү жагы Ак-Суу ЖПБнин мүчөлөрүнө сунушталсын.

3.    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg  расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

С.Барпиев