АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XV –сессиясы
2019-жылдын 13-августу № 3/1
“Ак-Суу айыл аймагына кабелдик интернет тартууга кеткен чыгымдардын акча каражатын төлөп берүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагына кабелдик интернет тартууга кеткен чыгымдардын акча каражатын төлөп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагында кабелдик интернетти тартууга кеткен 40859 (кырк миң сегиз жүз элүү тогуз) сом материалдык чыгымды, 7896 (жети миң сегиз жүз токсон алты) сом 6 айлык интернеттин кызмат акысын, жалпы 48755 (кырк сегиз миң жети жүз элүү беш) сом акча каражатын төлөөгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |