АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XV –сессиясы
2019-жылдын 13-августу № 3/2
“Кызыл-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы А.Айтматовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө”
“Кызыл-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы А.Айтматовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы А.Айтматовдун билдирүүсүнүн негизинде Ак-Суу аймактык пунктун дарбазасын оңдоого 5000 (беш миң) сом акча каражатына макулдук берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |