Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XV –сессиясы
2019-жылдын 13-августу № 3/3
“А.Осмонбеков мектебинин ашпозчусу Т.Орозбаеванын жана К.Шеркулов мектебинин ашпозчусу Н.Умбеталиеванын окууга кеткен сапар чыгымдарын төлөп берүү жөнүндөгү мектеп директорлорунун билдирүүлөрүн кароо жөнүндө ”
А.Осмонбеков мектебинин ашпозчусу Т.Орозбаеванын жана К.Шеркулов мектебинин ашпозчусу Н.Умбеталиеванын окууга кеткен сапар чыгымдарын төлөп берүү жөнүндөгү мектеп директорлорунун билдирүүлөрүн кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы А.Осмонбеков мектебинин ашпозчусу Т.Орозбаевага 5000 (беш миң) сом жана К.Шеркулов мектебинин ашпозчусу Н.Умбеталиевага 5000 (беш миң) сом акча каражаты окууга кеткен сапар чыгымдары үчүн төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |