АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XV –сессиясы
2019-жылдын 13-августу № 3/6
“Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы С.Барпиевдин айылдык кеңештин депутаттары жана коомдук уюмдардын төрагалары менен биргеликте КРнын ЖКне өкүлдөрдү жөнөтүү сунушун кароо жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы С.Барпиевдин айылдык кеңештин депутаттары жана коомдук уюмдардын төрагалары менен биргеликте КРнын ЖКне өкүлдөрдү жөнөтүү сунушун кароо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттары жана коомдук уюмдардын төрагалары КРнын Жогорку Кеңешине (Бишкек шаарына)барып келүүгө макулдук берилсин.
2. КРнын ЖКне (Бишкек шаарына) барган делегациянын сапар чыгымдарын карап каржылоо, уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |