Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XV –сессиясы
2019-жылдын 13-августу № 3/7
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун Жылтыркан участкасындагы оут (суу сактагыч) 37 га суугат жерди кайракы жерге которуу сунушун кароо жөнүндө”
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун Жылтыркан участкасындагы оут (суу сактагыч) кургап калгандыгына байланыштуу, совхоз убагындагы 37 га суугат жерди кайракы жерге которуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылтыркан участкасындагы оут (суу сактагыч) кургап калгандыгына байланыштуу, совхоз убагындагы 37 га суугат жерди кайракы жерге которууга макулдук берилсин.
2. Жылтыркан участкасындагы 37 га суугат жерди кайракы жерге которууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоо А.Алымкуловго жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
С.Барпиев |