Редакцияот 12.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XVII –сессиясы

2020-жылдын 12-февралы № 3/7

“Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”

           Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы С.Барпиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

С.Барпиев

 Ак-Суу айылдык кеңешинин VII      чакырылышынын

кезектеги ХVII сессиясынын №3/7 токтому менен бекитилди.

№1 тиркеме.

Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планы.

I.              Сессияда каралуучу маселелер.

2020-жылдын 1-кварталы.

  1. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы С.Барпиев.
  2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун 2019-жылда бюджетинин аткарылышынын отчёту жана 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү. (маселени айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары дарядашат)     Жооптуу: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.     
  3. Ак-Суу ЖКнин 2019-жылда жүргүзгөн иши жөнүндө ЖКнин   төрагасы Э.Жоробековдун отчёту 2020-жылга бюджетин бекитүү. Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.

2020-жылдын 2-кварталы.

  1. Айыл аймагындагы санитардык абал, айылдарды көрктөндүрүү, коомдук жайлардын тазалыгын сактоо боюнча жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө.    Маселени “Агрардык” жана “Социалдык”  маселелелер боюнча      туруктуу комитеттери даярдайт.Жооптуулар: М.Чокоев, Н.Акматов.
  2. Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жана малдарды дарылоо, профилактика жүргүзүү иштерин уюштуруу боюнча айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө Маселени “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов
  3. Ак-Суу токой чарбасынын жаратылышты коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө токой чарба директору П.Жабайкуловдун маалыматын угуу. Маселени  “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети                                   даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов

2020-жылдын 3-кварталы.

  1. Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалануунун абалы жөнүндө.      Маселени  “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов
  2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 6 айында жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчётун угуу. Маселени айылдык кеңештин туруктуу комитеттери даярдашат. Жооптуулар: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.     
  1. Ак-Суу ЖКнин 2020-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчёту.  Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы боюнча туруктуу  комитеттери даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.

           

2020-жылдын 4-кварталы.

 

  1. Айылдык кеңештин депутаттарынын отчёту (туруктуу комитеттер).
  2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчётун угуу. Маселени айылдык кеңештин туруктуу комитеттери даярдашат. Жооптуулар: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.     
  3. Ак-Суу ЖКнин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту.  Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы боюнча туруктуу  комитеттери даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.

 

II.            Уюштуруу маселелери.

 

  1. Депутаттардын өз шайлоочулары менен жолугушууларды уюштуруу. 2020-жылдын январь жана декабрь айларында. Жооптуулар: жооптуу катчы С.Мамытов, айыл башчылар.         
  2. Депутаттардын айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүүчү жыйындарга жана коомдук угуу чогулуштарына катышууларын камсыз кылуу. Айыл өкмөтүнүн түзгөн графигине ылайык. Жооптуулар: Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкулов жана айыл башчылар.
  3. Даталуу жана майрамдык күндөргө карата өткөрүлүүчү салтанаттуу иш чараларга айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусун уюштуруу.Иш чаралардын өткөрүлүүсүнө жараша. Жооптуу: К.Төрөкулов.
  4. Туруктуу комитеттердин талаптагыдай иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу.Иш планга ылайык. Жооптуулар:К.Төрөкулов, С.Мамытов.
  5. Айылдык кеңештин сессияларын иш планга ылайык жана кезексиз сессияларын зарылдыгына жараша өткөрүүнү камсыз кылуу.Жооптуу: К.Төрөкулов.               

 

Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.