Редакцияот 21.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 21-апрели №207/40-7

“ Кара-Көл шаардык  кеңешинин 2020-жылдын 10 -мартындагы № 201/39-7 “ Кара-Көл шаарында коронавирустун алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү  жөнүндө”

 

            Кара-Көл шаарында “Коронавирус” оорусун алдын алуу, болтурбоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө   Кара-Көл шаарынын жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун   башкы врачы  А.А. Ырысбековдун жана  шаардын мэри И.М.Еркеевдин  маалыматын жана  Кара-Көл шаардык  кеңешинин  2020-жылдын 10-мартындагы №201/39-7 “Кара-Көл шаарында коронавирустун  алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү  жөнүндө  маселени  угуп жана талкуулап чыгып,  Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXX    сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.    Кара-Көл шаардык  кеңешинин  2020-жылдын 10 -мартындагы № 201/39-7 “Кара-Көл шаарында коронавирустун  алдын алуу боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй  толуктоо киргизилсин:

1)    “5.  Кыргызстанда  “Коронавирус” боюнча  абал турукташканга чейин Ош-Бишкек трассасынан Кара-Көл шаарына кирүүчү жолдор жабылсын. М.Сабиров, К.Масиров, Бекташ көчөлөрүнө  жана Кетмен-Төбө айылына  кирүүчү жолдорго  тосмолор (блок пост ) коюлсун. Абал турукташкандан кийин  коюлган тосмолорду “Коронавирус “ оорусун алдын алуу, болтурбоо боюнча түзүлгөн  ыкчам штабдын  чечими менен   алып салууга макулдук берилсин”.

2)    Токтомдогу 5- бөлүк   6-бөлүк  деп эсептелсин.

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  Кара-Көл шаарынын мэриясына  (И.М.Еркеев) , аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Н.Кыргызалиев