Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 4-февралы №26/6

Чүй  айыл өкмөтүнүн   2019 - жылдын жыйынтыгы менен социалдык -экономикалык өнүгүү программасынын  аткарылышы  туралуу

 

     Чүй  айыл өкмөтүнүн   башчысы  Ж.Шакеевдин  2019-жылдын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүгүү  программасынын  аткарылышы туралуу маалыматын угуп жана  депутаттардын  сунуштарын, толуктоолорун эске алуу  менен Кыргыз Республикасынын   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү» Мыйзамынын   31-беренесине  ылайык  Чүй  айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Чүй  айыл өкмөтүнүн   башчысы  Ж.Шакеевдин 2019 -жылдын жыйынтыгы менен  социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын  аткарылышы туралуу маалыматы эске алынсын.

2.Ушул Токтомдун    аткарылышын  көзөмөлгө  алууну  өзүмө  калтырам.

 

Төрага

З.Амангельдиев