Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 4-февралы №26/11

Чүй айыл аймагында жайгашкан  Айыл чарба  багытындагы  жер категориясынан  "Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын,  энергетиканын   коргонуунун  жерлери  жана башка багыттагы жерлер"  категориясына  которуу жөнүндө

     Чүй  районунун  Чүй  айыл  аймагындагы  Б.М.Акелеевдин   Садовое айылынын №7 №298   контурунда  жайгашкан  аянты 1,287  га менчик жер   тилкесинин    категориясын    өзгөртүү  жөнүндө   материалын карап чыгып, Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18,21  беренелери, жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13 беренелерине  ылайык,  Чүй айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Чүй  айыл аймагындагы Садовое айылынын №7 №298  контурунда жайгашкан   аянты 1,287 га   жер   тилкесинин  категориясын   айыл чарба менчик   чабандын үйү   жана мал   кармоочу   жайдан, "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын  энергетиканын   коргонуунун жерлери жана   башка багыттагы жерлер" категориясына  которууга Б.М.Акелеевге  макулдук берилсин.

2.Б.М.Акелеевге Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө   караштуу  жер  ресурстары    боюнча  мамлекеттик  агенттигинин  алдындагы “Кадастр” мамлекеттик  мекемесинин  Токмок-Чүй филиалынан  жер тилкесинин  күбөлөндүрүлгөн  иш кагаздарына  өзгөртүү  киргизүү  иштери  милдеттендирилсин .

3.Ушул Токтомдун аткарылышын   көзөмөлгө  алуу иши Чүй  айылдык кеңешинин жер маселелер комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Амангельдиев