Редакцияот 22.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 22-февралы № 153-27

Семинар өткөрүү жөнүндө

 

Башчынын Аламүдүн айыл аймагынын базасында “Жергиликтүү демилгелер: жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы тажрыйба жана катышуу мүмкүнчүлүгү” деген республикалык семинар өткөрүү жөнүндө маалыматын карап чыгып жана талкуулап Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Семинар өткөрүү үчүн (2020-жылдын 3-мартынан тартып айыл аймагында) жергиликтүү бюджеттен 176,0 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко