Редакцияот 04.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 4-сентябры № 187-27

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин Аламүдүн айылы Суворов көч, № 133 дареги боюнча жайгашкан почта бөлүмүнүн имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аламүдүн айылы Суворов көч, № 133 дареги боюнча жайгашкан почта бөлүмүнүн имаратын жанаша аймагы менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына аталган объектинин техникалык документтерин даярдоо тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко