Редакцияот 28.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 28-октябры № 198-27

Аламүдүн айылынын Горькой көч, № 29 дареги боюнча жайгашкан муниципалдык жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин Аламүдүн айылынын Горькой көч, № 29 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө социалдык үй куру үчүн Аламүдүн айылынын Горькой көч, № 29 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун багытын өзгөртүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко