Редакцияот 28.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 28-октябры № 199-27

ФАП үчүн дары-дармек каражаттарын сатып алуу жөнүндө

 

Башчынын коронавирустук инфекциясынын күч алуусуна байланыштуу маалыматын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн жана Садовое айылдарынын фельдшердик-акушердик пункттары үчүн дары-дармек каражаттарын жергиликтүү бюджеттен 370,0 миң сом өлчөмүндөгү каражатка сатып алууга уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

 Төрага:

А. Филимоненко