Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 18-августу № 23-28

Ата-энелер төгүмү жөнүндө

 

Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан муниципалдык бала бакчалардын башчыларынын бала бакчага төлөнүүчү ата-энелер төгүмүн көбөйтүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып бала бакчага ай сайын төлөнүүчү ата-энелер төгүмү 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн расмий alamudun.kg веб-сайтына жайгаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко