Редакцияот 22.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2020 жылдын 22-декабры № 162/ ХXIX -27

Ак-Кудук айыл аймагынын 2021 жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү иш чараларынын планын бекитүү

          “2020 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” жана  2021 жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө” Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысынын  маалыматын угуп  жана талкуулап план толугу менен аткарылгандыгын  Ак-Кудук айыл өкмөтү белгилейт.

          2021 жылга социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планында жолдорду оңдоо, жарыктандыруу, дренаждык тарамдарды жана жолдорду тазалоо жана айыл аймактын  көйгөйлөрүн чечүү каралган, Ак-Кудук айылдык кеңеши

Токтом кылды:

1.     “2020-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысы А.С.Абдраевдин маалыматы эске алынсын.

2.    Ак-Кудук айыл аймагынын 2021 жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча  планы  бекитилсин. 

3.    2021 жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын ишке ашыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлсүн.

4.    Жаңы иш орундарын түзүү боюнча иштер улантылсын.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У. Суваналиев