Редакцияот 11.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 11-февралы № 155/XLVII - 3      

Киселев Сергей Михайловичке “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

     Кайыңды шаарынын мэриясынын  “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маалымат – сунуштарын талкуулап, “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу ирээти жөнүндө Жобосунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.Жаш муундарды патриоттук багытта тарбиялоо, шаардын калкынын коомдук туруктуулугун сактоо жана улуттар аралык достукту чыңдоодогу көп жылдык эмгеги үчүн терең урматтоо жана ыраазычылык билдирүү менен, 65-жаш юбилейинин урматына карата Киселев Сергей Михайловичке “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарылсын.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов