Редакцияот 11.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 11-февралы № 156/XLVII - 4                                                                                                                                                            

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө

 

     Кайыңды шаарынын мэриясынын  2021-жылдын 11-февралындагы №01-6-98-катын карап чыгып,   Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин: Тиркеме №1– 11-баракта.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов