Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы (V чакырылышы)

2021-жылдын 5-февралы № 3

«Исфана шаар мэриясынын  “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылануучу” социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун

тизмегин бекитип берүү  жөнүндө»

 

«Исфана шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду таңдоо жана каржылоо жөнүндөгү” Жобого ылайык, үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаарына караштуу социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеги, тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Б.И. Тагаев 

 

 Исфана шаардык Кеңешинин

V чакырылышынын кезектеги XXXVIII

сессиясынын  2021-жылдын

5-февралындагы  №3 токтомуна тиркеме

 

 

Үлүштүк  гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу  долбоорлордун

ТИЗМЕСИ

 

 

№

Мекеменин, обьекттин аталышы

Долбоордун аталышы

Каржылоо (миң сом)

жалпы бюджет

грант

өздүк салым

салым %

1

“Самат” атындагы парк

“Самат” атындагы паркты абаттоо

4719,477

3000,0

1719,477

36,4

2

“Арча-Бешик” балдар бакчасы

“Арча-Бешик” балдар бакчасына  спорттук-музыкалык зал куруу”

3069,900

2609,4

460,5

15 %

3

“Ак-Булак” орто мектеби

“Ак-Булак орто мектебине китепкана куруу”

2118,313

1800,563

317,750

15 %

 

 

 

Бардыгы

9907,69

7409,963

2497,727

 

                       

 

 

                        Исфана шаарынын вице-мэри:                                                                                                 Якубов М.

 

Исфана шаар мэриясынын

финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи:                                                           Кожошов К.

 

                        Муниципалдык менчик департаментинин башчысы:                                                             Кадыров Ж.

 

Билим берүү тармагы боюнча башкы адиси:                                                                         Хабибуллаев З.