Редакцияот 23.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 45-сессиясы

 

2020-жылдын 23-декабры № 234

Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун Бешкент бөлүмүнун имаратынын  залына дарыкана курууга макулдук берүү жөнүндө

    Бешкент айыл өкмөтүнүн Бешкент айылынын тургуну Хамдамов Шохрухтун Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун Бешкент бөлүмүнун имаратынын залына дарыкана ачуу боюнча арзын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.    Бешкент айыл өкмөтүнүн Бешкент айылынын тургуну Хамдамов Шохрухка Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун Бешкент бөлүмүнун имаратынын залына 4,5 кв метр жерге дарыкана курууга Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун Бешкент бөлүмүнун жалпы чогулушунун 2020-жылдын 29-октябрындагы №10 протоколунун негизинде макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Баховотдинов