Редакцияот 22.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 43-сессиясы

2020-жылдын 22-июну № 225

Бешкент айыл өкмөтүнүн “Карл Маркс” айылыны “Андархам” айылы жана “СССРдын  50 жылдыгы” айылыны “Ылайлы” айылы деген тарыхый аттарын ыйгаруу жөнүндө

Бешкент айыл өкмөтүнүн “Карл Маркс” айылыны “Андархам” айылы жана “СССРдын 50 жылдыгы” айылыны “Ылайлы” айылы деген тарыхый аттарын ыйгарүү боюнча “Карл Маркс” жана “СССРдын 50 жылдыгы” айылдардын тургундарынын 2020-жылдын 19-июнундагы жалпы чогулуштарынын протоколунун негизинде Бешкент айылдык Кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

1.    Бешкент айыл өкмөтүнүн “Карл Маркс” айылына “Андархам” айылы деген тарыхый аты берилсин.

2.    Бешкент айыл өкмөтүнүн “СССРдын 50 жылдыгы” айылына “Ылайлы” айылы деген тарыхый аты берилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин мамлекет-тик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Баховотдинов