Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

 

2021-жылдын 5-февралы №181

“ЖПБ нин 2020-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы, 2021-жылга карата бюджеттик планын жана тарифин бекитүү жөнүндө”

      Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ЖПБ нин 2020-жылда аткарган иштери боюнча маалыматын  жана 2021-жылга карата бюджеттик планын, тарифин бекитүү боюнча ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. ЖПБ нин 2020-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.(билдирүү тиркелет).

3. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратов менен Ы.Жумабаевдин ортосунда түзүлгөн 573300(беш жүз жетимиш үч миң үч жүз ) сомдук келишими жактырылсын.Анын ичинен жайыт акыдан түшүүчү 264000 (эки жүз алтымыш төрт миң)сомдун 3/1 бөлүгү 88000 (сексен сегиз миң) сом айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын.Калган 176000 (жүз жетимиш алты миң) сом жана Жер салыгынан түшкөн 63300(алтымыш үч миң үч жүз) сом акча каражатын Жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.

4. Башка максаттардан:техникадан 150 (жүз элүү миң) сом,ОО Нур телекомдон 96000(токсон алты миң) сом,жалпы 246000 (эки жүз кырк алты миң) сом акча каражаты толугу менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эсебине кириштелип,кайрадан Жайыт комитеттинин эсебине(жалпы 485300 сом) төрт жүз сексен беш миң үч жүз сом которуп берүүгө макулдук берилсин.

5. Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык планы жана тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевге, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы  А.Халмуратовго тапшырылсын.

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов

 

“Бекитемин”                                                                           “Макулмун”

Ак-Суу ЖПБнын торагасы                                        Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы

__________Ы.Жумабаев                                             ______________А.Халмуратов

“____”___________2021-жыл                                   “____”_____________2021-жыл.

 

 

 

 Ак-Суу айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата кирешелер жана чыгымдарды бөлүштүрүү сметасы.

1.И.М.М-3070 х 50 =153500

2.М.М.М-7660 х 20 =153200

3.Жылкылар-103 х 200 = 20600

 Бардыгы:327300 сом

ИММ 1123,МММ 2717,Жылкылар 151 баш козу.Торпок,жумушчу аттар болуп жайыттан пайдаланбагандыгы үчүн жайытакы алынбайт.

 

                                                  СМЕТАСЫ

№

   Киреше бөлүгү

   Сумма

1

Жайыттардан өндүрүлгөн

 264000

2

 Жер салыгы

 63300

3

Аренда акы ОО ! “Нур телеком”

 96000

4

Трактор

 150 000

Бардыгы:

 573300

                                                   Чыгаша бөлүгү

1

Жер салыгы

 63300

2

Соц.Фонд 17,25%

 28980

3

Эмгек акы

 168000

4

Концтовар

 10 000

5

Транспорттук чыгым

 21000

6

 Инфраструктураны жакшыртуу

 104720

7

 Командировкалык чыгымдар

 10000

8

 Башка күнүмдүк чыгымдар

 20000

9

 Мониторинг

 5000

10

 Күйүүчү май

 21600

11

 Ак-Суу айыл Өкмөтүнө 3\1

 88000

12

 Инспекторлордун эмгек акы

 32700

 

 

 

Бардыгы:

 573300

 

 Штаттык жадыбыл

Эмгек акы

 Жалпы эмгек акы

 

 Төрага

8000

 96000

 

 Эсепчи

6000

 72000

Бардыгы:

 

 168 000

 

 

 

                         Ак-Суу ЖЛБнын төрагасы:                              Ы.Жумабаев.

                         Ак-Суу ЖПБнын эсепчиси:                             Ш.Анарбаев.