Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

 

2021-жылдын 5-февралы №182

“Ак-Суу айыл аймагынын Туруктуу Өнүктүрүү Программасын 2021-2023-жылга бекитүү жөнүндө”

        Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2021-2023-жылдарга Туруктуу  Өнүктүрүү Программасы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап  Ак-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

        1.Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2021-2023-жылдарга Туруктуу  Өнүктүрүү Программасы боюнча маалыматы көңүлгө алынсын.

        2.Ак-Суу айыл аймагынын Туруктуу Өнүктүрүү Программасы 2021-2023-жылга бекитилсин.

        3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы  А.Халмуратовго тапшырылсын.

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов