Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

 

2021-жылдын 5-февралы №193

Курулуш”орто мектебинин кароолканасын,кампасын куруу  үчүн курулуш материалдарын алууга жана Грек-Рим күрөшү  боюнча СССРдин спорт чебери О.Тилековдун спорттук  турнирин өткөрүүгө акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө. (Ар түрдүү маселе негизинде)

Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу“Курулуш” орто мектебинин  жетекчилигинен жана элдерден түшкөн арыздардын негизинде Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы А.Саматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги 24-сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы А.Саматовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. ”Курулуш” орто мектебине кароолкана жана кампа куруу үчүн курулуш материалдарын сатып алууга Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 200 000(эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.

3. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн Суу-Башы айылынын жашоочусу Грек-Рим күрөшү боюнча СССР спортунун чебери О.Тилековдун турнирин өткөрүү үчүн Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 50 000(элүү миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Х.Кушбаковго тапшырылсын.

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов