Редакцияот 24.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы

 

2020-жылдын 24-сентябры №167/1

“Долбоорго салым кошуу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”

    Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айлындагы Жаңы-Абад көчөсүн капиталдык оңдоо жана 1км аралыктагы жолго асфалт төшөө  боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүнүн угуп жана талкуулап, депутаттардын  Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун берген  билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.    Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айлындагы Жаңы-Абад көчөсүн кампиталдык оңдоо жана 1км аралыктагы жолго асфалт төшөө максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тийиштүү акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3.    Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Түрткү берүүчү грантына

 Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан сунушталуучу Ак-Суу айылындагы

“Жаңы-Абад көчөсүн капиталдык оңдоо жана асфалт төшөө” аталыштагы суммасы 5000 000(беш миллион) сомдук долбоорду ишке ашыруу үчүн 15% дык өздүк салымы болгон 2000 000 (эки миллион) сом акча каражаты Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

4.    Керектүү иш кагаздарын даярдоо жана тактоо жер боюнча  адис А.Шамшиевге милдеттендирилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнө жана Ак-Суу айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов