Редакцияот 24.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы

 

2020-жылдын 24-сентябры № 156

Айыл аймагында эпизоотологиялык абалды жакшыртуу багытында ветинспектордун аткарып жаткан иштери жөнүндө

 

Айыл аймагында эпизоотологиялык абалды жакшыртуу багытында 2020-жылдын алты айына карата ветинспектордун аткарып жаткан иштери жөнүндө вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

1.    Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн вет инспектору А.Маматкуловдун аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын. (билдирүү тиркелет)

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов

 

Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Суу ветеринардык сервисинин 2020-жылдын алты айлыгындагы аткарган жумуштары боюнча  маалымат

 

   1.Ири мүйүздүү малдар боюнча:

-Бруцеллёз ылаңыны алдын алуу жана аныктоо үчүн ири мүйүздүү малдар  дан анализ (кан) алуу алты айлык планда 1300 баштан алуу  керек, аткарылга ны 830 баштан анализ алынды.

 

- Шарп (аксыл) ылаңынын алдын алуу боюнча алты айлык планда 4500 баш ири мүйуздүү мал эмдөөдөн өтүү  керек, аткарылышы 4500 баш.

-ири мүйүздүү малдарды (музоолорду) идентификациядан өткөрүү(биркалоо) 200 баш ири мүйүздүү малдар идентификациядан өткөрүлдү.

-Карасан ылаңыны алдын алуу боюнча алты айлык планда 1500 баш эмдөө дөн өтүү керек, аткарылышы 1600 баш.

 

 2. Майда мүйүздүү малдар боюнча:

-Күл ыланына каршы эмдөө алты айлык планда 3400 баш, эмдөодөн  өтконү  3300 баш.

 

3. Иттер боюнча:

- Кутурма ыланына каршы эмдөө алты айлык планда 321 баш, аткарылышы 357 баш.

 

-Эхинококкоз (ич-курттарга) га каршы алдын ала дарылоо планда 900 баш, аткарылышы 644 баш.

 

-жолбун иттерди атуу 100 башка аткарылды.

 

                   Вет.инспектор:                          А.Маматкулов.