Редакцияот 20.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы

 

2020-жылдын 20-июлу № 154

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордун бекитүү жана биргелешкен конкурстук комиссиянын курамына кирүүчү депутаттарды аныктоо жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” №124-токтомуна негиз Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши

Токтом кылат:

 1.Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат орду бекитилсин.

 2.Ак-Суу айылды кеңешине 1(бир0 штат бирдиги киргизилсин.

 3.Ак-Суу айыл аймагынын штаттык бирдигине өзгөртүүүлөр киргизилсин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен эмгек акы жана башка чыгымдарын каржылоо жүргүзүлсүн.

 4.Айылдык кеңештин жоопту катчысын тандоо биргелешкен конкурстук комиссиянын курамына кирүүчү айылдык кеңештин депутаты  төрага болуп Анарбоев Шухрат Айдаралиевич аныкталсын.

 5.Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.ТХалмуратовго тапшырылсын.

 6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы:

А.Саматов